www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия жана Украина бири-биринин энергетикалык объекттерине сокку урбоого макулдашышты. Бул тууралуу АКШ президенти өзүнүн Truth Social социалдык тармагында жазды.

Анын айтымында, Украина Россиянын энергетикалык объекттерине сокку урбоого макул болду, ал эми Россия да ушундай эле милдеттенме алды.

«Дизель майынын дүйнөлүк баасынын өсүшү Иранга эмес, биринчи кезекте Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалга байланыштуу», -деп жазды ал.

Өз кезегинде Украина президенти Владимир Зеленский бул сунушту колдоого даяр экенин гана билдирди.

Өткөн күнү АКШ президенти Зеленскийди Россиянын күйүүчү май инфраструктурасына сокку урууну токтотууга ачык чакырган.

Кремль азырынча Трамптын билдирүүсүнө расмий комментарий бере элек.

Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Россия «Киев режимин тынчтык экономикалык инфраструктурага сокку урууну токтотууга болгон ар кандай чакырыкты кубаттай алат» деп билдирген.

Последние новости