www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп 19-майда Россиянын президенти Владимир Путин менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин аны «жагымдуу джентльмен» деп атады.

«Путин деген жагымдуу джентльмен менен чакан сүйлөшүү болду. Чынын айтсам, жакшы сүйлөшүү өттү, биз айрым прогресстерге жетиштик», — деди ал Ак Үйдөгү салтанаттуу кечеде.

Ал бул сөздөрдү иш-чарага келген конокторго өз администрациясынын өткөн күнү тууралуу айтып жатып билдирген.

Ошондой эле Трамп ошол эле күнү Россияга карата санкциялар күчөтүлбөй турганын айтты, анткени Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Анын айтымында, Орусия тарап согуш аракеттерин токтотуу боюнча диалогго даяр жана бул маселеде убакытты созуп жатпайт.

Путин менен Трамп 19-майда телефон аркылуу сүйлөшүп, ал эки сааттан ашык созулган. Сүйлөшүү учурунда Украинадагы жаңжалды чечүү маселеси да көтөрүлгөн. Россия президенти бул сүйлөшүүнү мазмундуу, ачык жана пайдалуу деп мүнөздөгөн.

Последние новости