www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы метронун «Чернышев» станциясында кыргызстандык келин катышкан кырсык болгонун «78.ru» жазды.

Маалыматка ылайык, эскалатордон түшүп бара жаткан мас абалындагы киши 41 жаштагы кыргызстандык аял менен анын 5 жашар уулунун үстүнө кулаган. Кийин ал окуя болгон жерден качып кеткен. Аял башынан катуу жаракат алып, мээси чайкалып, бутунун тизесинен ылдыйкы сөөгү сынып, омурткасынан да жаракат алган. Жаш баланын колу жарадар болгон. Аталган факт боюнча учурда текшерүү жүрүүдө.

Последние новости