www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Ормуз кысыгын кайра ачууга эл аралык колдоо издөө аракеттери, көрүнүп тургандай, муздак кабыл алынды. Америкалык NBC News каналы маалымдагандай, Дональд Трамп жардам сураган айрым өлкөлөрдүн салкын реакциясы, анын бул өтө маанилүү кысыкты тез арада ачуу үмүтүн суутту.

Маалыматта айтылгандай, айрым өлкөлөр өз алдынча дипломатиялык жолдорду издеп, Иран менен өз кемелеринин коопсуз өтүүсүн камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Бул аракеттер Перс булуңу аймагында кемелер жана энергетикалык коопсуздук боюнча чыңалуу күчөп жаткан учурда жасалууда.

Трамп 15-мартта британиялык Financial Times бизнес гезитине берген маегинде эгер АКШнын союздаштары Ормуз кысыгын кайра ачууга жардам бербесе, Түндүк Атлантика Келишим Уюмунун келечеги “абдан караңгы” болушу мүмкүн деп эскертти. Анын билдирүүсү, өзгөчө, европалык өлкөлөргө багытталган жана аларды Иранга каршы АКШнын аскердик аракеттерине кошулууга чакырган.

АКШ президенти Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге басым көрсөтүүнү да күчөттү. Ал бул айдын аягында пландалган Кытай төрагасы менен жолугушуусун кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн эскертти, бул кадам Пекинге суу жолун коопсуз кылууга жардам берүү үчүн кысым көрсөтүүгө багытталган.

Ал кысыктан пайда көргөн өлкөлөр да Ормуздагы коопсуздукту камсыз кылууга катышуусу керек деген ой абдан туура деп, Европа менен Кытай АКШга караганда Перс булуңунан импорттолгон мунайга көбүрөөк көз каранды экенин белгиледи.

Ал ошондой эле АКШнын союздаштары терс жооп кайтарса же такыр жооп бербесе, бул Түндүк Атлантика келишим уюмунун келечеги үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

“Эгерде жооп болбосо же терс жооп берилбесе, менимче, бул Түндүк Атлантика келишим уюмунун келечеги үчүн абдан жаман болот”, – деди Трамп.

Последние новости