www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп венесуэлалык кесиптеши Николас Мадуро менен кайсы бир учурда жолугушушу мүмкүн экенин айтты, бирок Латын Америкага АКШ аскерлерин жөнөтүүнү жокко чыгарган жок.
Трамптын билдирүүлөрү, дүйшөмбү күнү Венесуэланын жээгинде АКШнын аскердик күчтөрүнүн көп санда топтолушу чыңалууну күчөтүп, Вашингтон Мадурону "террористтик" баңги картелин башкарган деп айыптаган учурда айтылды.
Мадуро менен жолугушууга даярсызбы деген суроого Трамп: "Мен аны менен кайсы бир учурда жолугам. Мадуро АКШга жакшы мамиле кылган жок", - деп жооп берди.
Венесуэлада АКШ аскерлеринин кургактагы жайгаштырылышын жокко чыгарасызбы деген суроого Трамп: "Жок, мен муну жокко чыгарбайм, эч нерсени жокко чыгарбайм", - деди.
"Биз жөн гана Венесуэлага көңүл бурушубуз керек. Алар жүз миңдеген адамдарды түрмөлөрдөн биздин өлкөгө бошотушту", - деп кошумчалады Трамп.
Жекшемби күнү АКШ дүйнөдөгү эң ири учак конуучу кемесин Кариб деңизине жөнөтүп, буга чейин эле күчөгөн чыңалууну курчуткан.
Ошол эле учурда, Вашингтондун Венесуэлада жайгашкан Cartel de los Soles уюмун чет элдик террористтик уюм (FTO) деп жарыялоо кадамы АКШ мекемелерине Мадуро менен байланышы бар уюмдарды бутага алууга кеңири юридикалык ыйгарым укуктарды бергени кабарланууда.