www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Израил менен радикалдуу "Хезболла" кыймылы ок атышууну токтотууга макул болгонун жарыялады.
Report агенттигинин маалыматы боюнча, ал бул тууралуу Truth Social социалдык тармагында жарыялаган.
"Мен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен абдан жемиштүү сүйлөшүү өткөрдүм. Бир дагы Израилдин аскерлери Бейрутка барбайт, алар кайтып келишет", - деп жазган Трамп.
Ошондой эле ал жогорку даражалуу өкүлдөрү аркылуу Хезболла менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн, алар да ок атышууну токтотууга макул болгонун айтты.
"Израиль аларга кол салбайт, алар да Израилге кол салышпайт", - деп белгиледи АКШнын президенти.
Эскерте кетсек, Ирандын Жогорку лидери Али Хаменейдин аскердик кеңешчиси Мохсен Резаи АКШны эскертип, Иран Ливандагы жаңжалдын мындан ары күчөшүнө жол бербей турганын билдирген.
Израил аскерлери Ливандын аймагынан толук чыгарылып, аба соккулары токтотулмайынча Иран тарап Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү кайра жандандырбай турганын билдирген.