www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп аскерлерге Иранга жасалып жаткан соккуларды токтотуу боюнча буйрук берди. Бул тууралуу Axios басылмасы өз булактарына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШ президенти Иранга каршы жаңы соккуларды жүргүзбөөнү чечип, дээрлик эки жумага созулган чабуулдардын сериясын үзгүлтүккө учуратты.

Басылманын жазышынча, буга чейинки 13 күндүн ичинде Трамп күн сайын аскерлердин сокку уруу пландарын бекитип турган жана алар бир нече сааттын ичинде ишке ашырылып келген.

Axios белгилегендей, бул чечим Трамптын дипломатиялык аракеттерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүгө даяр экенин, ошондой эле АКШнын азыркы соккулары өзүнүн натыйжалуулугунун чегине жеткенин түшүнгөнүн көрсөтөт.

Кийинчерээк Ак үйдүн башчысы журналисттерге сүйлөп жатып, соккуларды улантуу же аларды дагы күчөтүү аркылуу «Иранда эмне болсо, баарын жок кылуу» мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Ошол эле учурда ал Иран менен келишим түзүүнү «алда канча акылдуу стратегия» деп эсептей турганын кыйытты.

Последние новости