www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев РФ башчысы Владимир Путин менен Омск шаарында жолугушканда Украина боюнча Стамбул келишимдеринин формуласына кайтууга болорун айтты.
"Балким, бул жаңжалды тоңдуруп, Стамбул формуласынын 2.0 версиясына кайтууга убакыт келгендир. Анткени ал сүйлөшүүлөрдө олуттуу натыйжаларга жетишилген", — деди Токаев.
Ошондой эле ал Россияны ар дайым улуу мамлекет деп эсептеп келгенин жана стратегиялык кызматташтык менен союздаштык мамилелерди улантууга бекем ниеттенгенин кошумчалады.
Ал эми, Кремль Токаевдин Украина боюнча позициясына макул эмес.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Украина боюнча позициясы туруктуу экенин, бирок Москва аны колдобой турганын билдирди.
“Токаев Украина маселеси боюнча өз позициясын бир нече жолу билдирген. Анын ою, мындай көз карашы мурдатан эле айтылып келет. Бирок биздин бул пикирибиз аны менен макул экенибизди билдирбейт. Анткен менен Казакстан биздин эң жакын өнөктөшүбүз союздашыбыз”, — деди Песков.