www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдө буга чейин COVID-19 үчүн 5,4 миллион тестирлөө өткөрүлгөнүн жарыялаган. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Анын айтымында, 25-апрелде АКШда күн сайын 200,000ден ашык сыноолор өткөрүлөт, деди ал. АКШ лидери апрель айында 24 сааттын ичинде 100000 адамды тестен өткөрө алды деп билдирди.

"Биз тесттердин санын эки эсе көбөйттүк, дагы жакында эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатабыз" деди, Трамп.

Акыркы маалыматтар боюнча, АКШда 1010 356 адам коронавируска чалдыккан. 138,990 бейтап айыгып, 56 797 адам көз жумган.

Сарвар уулу Анвар, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости