www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 23-апрелде расмий сапар менен Монголияга жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Расмий сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар жана премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ баштаган жетекчилер менен жолугушуусу пландалган.

Муну менен катар "Кыргыздардын Чыңгызхан жана анын урпактары менен тарыхый байланыштары", ошондой эле "Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу" аталашындагы эл аралык конференцияларга катышат.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Улан Бакасов, Надира Нарматова, Айсаракан Абдибаева, Мейкинбек Абдалиев, Чингиз Айдарбеков, Эрулан Кокулов, Алишер Козуев, Чыңгыз Ажибаев, Нурбек Алимбеков коштоп жүрөт.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости