www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин Аппаратынын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү.

Жыйынга Төраганын биринчи орун басары Чынгыз Ажибаев да катышты.

Төрага парламенттин ишин жакшыртуу жаатында бир топ тапшырмаларды коюп, анын ичинен санариптештирүү маселесине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

“Мыйзам чыгаруу жана документ жүгүртүү ишинде көп өлчөмдөгү кагаздар пайдаланылганын билебиз. Ошондуктан, кагаздардын чыгымын азайтып санариптештирүүгө басым жасашыбыз керек”, – деди Марлен Маматалиев.

Муну менен катар коомдогу негизги көйгөйлөр жана маанилүү маселелер сыртта эмес, тиешелүү тараптардын катышуусунда парламенттин ичинде талкууланышы керектигин айткан Төрага Жогорку Кеңеште атайын талкуу аянтчасын уюштурууга чакырып, өзү да ага катышып турарын билдирди.

Андан тышкары жарандарды кабыл алууга да ыңгайлуу шарттарды түзүп, аталган багытта да алгылыктуу иштерди алып барууну табыштады.

Последние новости