www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку Советтер Союзунун өлкөсү Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында сойкулук боюнча алдыңкы орунга чыкты. Жаш кыздардын экспорту бул жерден Дубайга жана Алма-Атага, ошондой эле Россияга "экзотиканын" күйөрмандарына жөнөтүлөт. Алардын ичинде порно фильмдерин тартууга да жиберилет.

Бишкектеги кафелердин биринен жаңы эле чыксам, жанымда сутенер пайда болду: ал мени америкалык деп ойлоп кеткен өңдүү.

- Герлз, мистер, - жигит мыйыгынан жылмайып телефону жазылган визиткасын колума кысып койду. –Гуд, кыздар- деди.

Секс сатуучусу таза орус тилинде “алыс тараптарга” жөнөтүлдү, бирок ал таарынып да койгон жок.

Кыргызстанда сойкулук кызыктуу абалда - аялдарга денесин сатууга тыюу салынган эмес, бирок ошол эле учурда сойкуканаларга жана сутенерлукка жол берилбейт.

Буга чейин Бишкектин "сүйүү кызматчылары" Правда көчөсүн жайлап келишкен, бирок андан кийин ал жерден жок болушту. Алардын ичинен арзаныраактары - Кулиев көчөсүнө (Ош базарынын жанына) көчүп кетишкен, кымбатыраагы - Интернетке чыгышты. Укук коргоочу уюмдардын корутундусуна ылайык, Кыргызстанда 25 миң кыз сойкулук менен алектенет жана бул көрсөткүч айсбергдин чокусу гана болсо керек. 

Мурунку Советтик Республика кантип күтүүсүздөн Борбор Азиядагы акы төлөнүүчү секс борборуна айланды, бул тууралуу "АиФ" айтып берет. 

“Акчага төшөк кумарына батууга кел”

Ош базарынын артында Бишкектеги эң арзан сойкуканалар бар: секс эскилиги жеткен жеке менчик тар батирлерде болот. Саатына баасы - 500 сомдон (рублга которсоң баасы дээрлик бирдей).Эгерде кардар тезирээк “бүтүп” калса, алар 400 сомго чейин (5 доллардан аз) арзандатуу жасай алышат. Бул жерде улуттук контингент "тейленет": базардан сатуучулар, жүк ташуучулар жана сатып алуучулар. Тротуарда жөн эле сейилдеп жүргөндөй түр көрсөткөн улгайган "мамочка" мени менен баасын сүйлөшүп калды. «Саатына 700 сом кымбат- дегениң эмне? Полиция бизди рейддер менен кыйнап бүттү, биз аларга пара берип, айып пул төлөйбүз ... биздин өзүбүздүн чыгымдарыбыз көп"- дейт ал.

-"Кыздар тазабы?" - Мен кардардын ролуна катуу кириштим.

-"Биз ар бир кыз күнүнө 10дон ашык эмес байланышта болушун камсыз кылабыз", - дейт "мамочка".

- Аларды доктур текшерип турабы?

-"Э-э-э-э-э ... эмииии..."- ары жагын өзүңүз деле түшүндүңүз деп ойлойм...

Таис Плюс уюмунун (сойкулардын укугун коргогон уюм) кызматкери Айгүл Тимергенованын айтымында, "тирүү товар" сатуучулар Кыргызстандын жакыр региондоруна барып, жаш кыздарды Бишкекте модель жана актриса болуп иштөөгө чакырышат. “Жок, албетте эч ким дароо эле: барып акча үчүн бирөө менен ”жатасың” деп айтпайт, мындай жем менен көп кызды ынандыра албайт. Андан кийин токсонунчу жылдардан берки стандарттуу схема кетет - документтерин алып коюшат, кыздарды батирде кармашат: жумушка чыкканга чейинки транспорт жана тамак-аш үчүн карызсыңар, ижарага карыз болгон акчаңарды кайтарып бересиңер деп камап коюшат... эркиндик жөнүндө кыялданбай эле койсо болот. Карызды төлөп бүткүчө ал кыз ансыз деле ал жумушка "көнүп" калат: ал жарым саат төшөктө жатып койсо эле, чөнтөктө акча болуп калганына көнүп алат.

Баардыгы эле секс-бизнестен чыгууну каалашпайт, анткени, кантсе дагы курулушта иштеп жатышкан жок да (оор жумуш). Андан кийин кызматтан “жогорулатуу” алат: сауналарда, барларда, дискотекаларда "жалданууга" болот. Баса, алты айдын ичинде эле полиция Бишкекте секс кызматтары көрсөтүлгөн 32 саунаны жапты: бирок бул жардам бербей келет. Бүгүн бирөө жабылса, эртең бешөө ачылат. Дайыма суроо-талап бар”- деп жооп берди. 

“Палоону жылаңач алып келем”

Интернет сайттарда баасы кымбатыраак кыздар көрсөтүлгөн. Баалар саатына 1000 сомдон (миң рубль же 12 АКШ доллары) башталат. Эки жана үч миңге да бар: айрым сулуулар 8000ге гана”берет”. Түнкүсүн "алты жолудан ашык эмес" жыныстык катнашка баруу шарты менен 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин да сүйлөшүп алса болот.

Оралдык (ооз менен) ырахат өзүнчө төлөнөт – кардар жалпы баанын үстүнө дагы 500-1000 сом кошушу керек. Анкеталарда базардан сатып алчудай эле: бою, салмагы, төшүнүн чоңдугу, улуту жөнүндө маалыматтар камтылган. Көптөгөн анкеталар: " умею удавлитварять", " абладаю сексюальнастью ", " професианально даставляю удавольсвие" деген коркунучтуу каталар менен орус тилинде жазылган.

"Бишкек шаарынын тургундары орус тилин жакшы билишпейт" деп түшүндүрөт мурдагы полиция кызматкери Айдар Шарипов. "Бул кыздар, алардын сабаттуулугунун начардыгына көңүл бура турган болсок, Кыргызстандын түштүгүнөн келишкен ... Ош же Жалал-Абаддын коңшу айылдары болушу мүмкүн - ал жакта орус тили өтө популярдуу эмес". Жеке мен 19 жаштагы Мадинанын бир сааттык секске 3000 миң сом жана ... акысыз палоо сунуш кылган кулактандыруусуна таң калгам. Жарнамага чалып - Палоо жок дегенде даамдуубу?- деп сурадым. "Кымбаттуум... Мен Оштон болом, бизде дүйнөдөгү эң мыкты палоо жасалат, тамак жасоону кичинемден эле үйрөнгөм. Мени колумдагы табак менен жылаңач көрө турган болсоң, тилиңди жутуп аласың! "- деп жооп берген.

“Мугалимдер үчүн эркин жумуш" (подработка)

Кыргызстандын секс жыргалы аркылуу көңүл ачуу борборуна айлануусу таң калыштуу көрүнүч. Советтер Союзу убагында деле Борбор Азия консерватизм жана катуу морал менен белгилүү болгон. Провинциялардагы кыздар “кыздыгы” менен турмушка чыгып, нике түнүнөн кийин күйөөсүнүн туугандарына кан тактары бар шейшеп сыймыктануу менен көрсөтүлчү эле. Кыргызстандын түштүгүндө көптөгөн аялдар исламдын каада-салттары боюнча чачтарын жаап-жашырышат - алар жоолук-хиджаб кийишет; тамеки тартуу жана спирт ичимдиктерин ичүү да кескин айыпталат. Коомдогу чакан шаарлардын кээ бир жерлеринде “кыска этектүү юбка кийүүгө мыйзам тарабынан тыюу салынышы керек эмеспи?”- сыяктуу олуттуу талкуулар жүрүп келген. Анан эле күтүлбөгөн жерден кантип ушул өлкө Стамбул, Дубай, Алма-Ата, Москванын "секс базарларына" сойкуларды ташуучу болуп калды?

Жооп жөнөкөй: Кыргызстандагы каада-салттар толугу менен эркин деп айта албасаң да, ошол эле учурда Иран жана Афганистандагыдай "ойноштук" үчүн таш бараңга алынбайсың. Ошондой эле, эгерде сиз полицияны тынымсыз “майлап” коюп турсаңыз эле, алар сойкулук үчүн түрмөгө камабайт.

Алар туугандарына кесиби тууралуу айтышпайт: айылга же шаарга акча жөнөтүп турушат, ата-энеси кубанып жата беришет. 

Ошол эле учурда, "сүйүү ханшайымдар" арасында начар үй-бүлөлөрдөн чыккан кыздар көп – алар көбүнчө үйдөн качып кетишкен. Чындыгында, алар үйдөн качып бара жатышып көпчүлүк учурда кандай жол менен киреше табарын алдын ала билишет.

"Акча табуунун эң оңой жолу" деди Жалал-Абаддык Гүлнара мени шылдыңдай (саатына 5000 сом). "Сен бир “нерсени” сатасың: анан ал “нерсе” сенде кайрадан эле колуңда бар болуп калат! Анан кайрадан эле ал “нерсени” сатып, акча таба бересиң"- дейт ал.  

Ышкыбоз сойкулук да популярдуу, мындайча айтканда "керебеттеги эркин жумуш".  Студенттер арасында, ал тургай, маянасы өтө аз мугалимдер арасында да популярдуу. Туруктуу кардарлар менен айына беш-алты жолу жатып кой - колуңда татыктуу сумма пайда болуп калат.

“Тайланддагыдай болот”  

Дүйнөнүн ар-кыл жеринде Кыргызстандан кыздардын "экспорту" тынымсыз токтотулуп турат. Стамбулда жашы жете элек (!) 35 секелек кыздарды "атайын" кардарлар үчүн өзүнчө бөлмөдө кармаган сутенерлер камакка алынган: алардын көпчүлүгү Оштон келген өзбек улутундагы кыздар болуп чыккан.

Ушундай эле окуя Санкт-Петербургда дагы болгон. Кыргыз жарандары менен порно тарткан атайын студия ачылган: кыздарды чыныгы киного тартабыз деп алдап чакырышкан.

"Жакында бул жерде Таиланддагыдай болот"- дейт ишкер Мухаммед Сахибов. «Туристтер арзан баада кыздар менен эс алуу үчүн топ-топ болуп саякатташат: жергиликтүү перилер жөнөкөй эмес жана боорукерлиги менен белгилүү. Адамдар Бишкекке Индиядан, Өзбекстандан жана Ирандан атайын учуп келишет."

"Сүйүү ханшайымдарынын" өзүлөрү үчүн, алардын эң негизги кыялы Москвага баруу. “Анткени, ал жерден миллионер менен оңой таанышып, ага күйөөө чыгып кетсең болот”- имиш.

"Ооба-ооба, мындан кийин бул иш менен алектенбейм"- деп 18 жаштагы Саида көзүн сүзүп, маектешүү үчүн менден 2000 сом алды (кыздар кадимки тарифтин баасын талап кылып, алар басма сөз менен бекер сүйлөшкүсү келбейт - Авт).

- Сизде бай адамдар көппү? Бай адамдар менен үйлөнүү көйгөй эмес да туурабы?"- деп сурады. ---"Сен кино көп көрүп алгансың чоң кыз. Бул “Красотка” тасмасы эмес. Миллионерлер сойкуларга эч качан үйлөнүшпөйт”- деп жооп бердим. Саида толмоч эриндерин тиштеп калды. Анын оюнда: Баары ойдогудай болот, бай адам сөзсүз ага ашык болот. Ошондо акчага, жыргалга жана бактылуулукка толгон жашоо башталат.

... Башка өлкөлөр үчүн Кыргызстандын борбору чындыгында жаңы Амстердам же Паттайя. Ошондой эле Кыргызстан дагы деле жакыр өлкө бойдон калууда. Анын экономикасы кыйроого учурап жатканда, секс-бизнес дагы да күч ала берет. Акы төлөнүүчү сүйүүгө болгон талап өсө берет. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости