www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 14-сентябрда Токтогул шаарында толугу менен жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадион салтанаттуу түрдө ачылды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев катышып, жаңы аренадагы алгачкы оюн – «Токтогул» менен «Базар-Коргон» командаларынын беттеши менен уланды.

Ташиев бул стадион жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, улуттук биримдикти жана достукту чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.

Жаңы стадион тууралуу:

Жалпы аянты — 2 гектар;

Отургучтар саны — 3 450;

VAR-системасы, медиа жана VIP-бөлмөлөр менен жабдылган;

Жасалма чөп жана кечки жарык берүүчү система орнотулган:

Белгилей кетсек, бул спорттук комплекс 1980-жылы курулган эски стадиондун ордуна салынып, 2024-жылдын май айында Ташиев менен Жапаровдун демилгеси аркылуу кыска убакытта модернизацияланган.

Последние новости