www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда курамында баңги заттары бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, милицияга аталган жаран боюнча маалымат түшүп, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. Тинтүү учурунда шектүүнүн короосунан 340 грамм кара-күрөң түстөгү зат жана 54 түп апийим өсүмдүгү табылган. Аталган өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 4 килограмм 120 граммды түзгөн.
Алынган далилдердин негизинде кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 2-бөлүгүнө кайра квалификацияланып, шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары улантылууда.