www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 24-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы Уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туш келгенин белгилеп, уюмдун мамлекеттер ортосундагы тең укуктуу диалогду өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи.

Президент бүгүнкү күндө коопсуздук маселелери саясий, экономикалык, технологиялык, экологиялык жана гуманитардык багыттарды камтып жатканын белгилеп, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук кылмыштуулук сыяктуу коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттер зарылдыгын айтты.

Садыр Жапаров ШКУнун Региондук антитеррордук түзүмүнүн базасында коопсуздукка байланышкан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борбор түзүү демилгесин ишке ашырууну тездетүүгө чакырды. Ошондой эле Бишкекте Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборун түзүү Кыргызстандын аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы болорун белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы чоң жоопкерчилик экенин айтып, эл аралык укуктун жана БУУнун ролунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушууда ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий кызматташтык, коопсуздук маселелери, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук маршруттарды өнүктүрүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багыттары талкууланды.

Президент Бишкекте өтө турган ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны үчүн маанилүү даярдык иштери жүрүп жатканын белгилеп, саммиттин жыйынтыгында уюмдун келечектеги өнүгүү багыттары аныкталарына ишеним билдирди.

Жолугушууга Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери, ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев жана Региондук антитеррордук түзүмдүн өкүлдөрү катышты.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өз кезегинде Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын маанилүүлүгүн белгилеп, уюмдун артыкчылыктуу багыттары боюнча биргелешкен аракеттерге токтолду.

Последние новости