www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү серепчи, Токтогул Какчакеев дүйнөдө болуп жаткан окуялар тууралуу пикирин NazasrNewsка билдирди.

— Бүгүнкү күндө Россиянын тагдыры жана келечеги жаңы форматта калыптанып жатат. Бул айкын көрүнүштү Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында жана башка ири эл аралык даталуу иш-чараларда байкоого болот. Маселен, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралар мамлекеттин расмий идеологиясынын борборунда турат. Бул — тарыхый мураска болгон мамиленин, жана аны жаңы шартта кайрадан жандандыруу аракети экендигин көрсөтөт.

Советтик Союз убагында Россия дүйнөдөгү экинчи ири геосаясий күч болсо, айрым тармактарда биринчи орунда турган. Бүгүнкү Россия акырындык менен ошол мураска кайтып келе жатат. РФ Беловежск келишиминен расмий түрдө чыкканын жарыялаган соң, бул процесстин укуктук жана саясий негиздери дагы бекемделе баштады. Демек, мурунку 15 союздаш республиканы бириктирүү идеясы ар кандай формулировка менен күн тартибине чыга баштады.

Бирок бул жолдо бир катар татаалдыктар бар. Орто Азиядагы эгемендүү өлкөлөрдүн жетекчилери өз мамлекетинин көз карандысыздыгынан, ички бийлигинен айрылгысы жок. Кээ бирлери бул процесстерге альтернатива катары жаңы геосаясий долбоорлорду сунуштап жатышат. Маселен, Түркия жана Азербайжан менен түзүлгөн "Туран биримдиги" же "Орто Азия +" форматындагы байланыштар. Бирок бул өңдүү платформалардын практикалык натыйжасы азырынча байкала элек.

Ошол эле учурда Россия жүргүзүп жаткан "атайын аскердик операция" (СВО) дүйнөнүн 57 мамлекетинин кысымына каршы багытталган. Бул кырдаалда мурдагы союздаш республикалар — экономикалык, аскерий, технологиялык жактан бул күчтөр менен тең ата боло албай турганын эске алуу керек.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун ЖККУ (ОДКБ), ШКУ, СНГ сыяктуу биримдиктерде активдүү катышуусу жана төрагалык милдетти аткарып жатканы – бул Кыргызстандын тышкы саясатынын тең салмактуулугун жана Россия менен стратегиялык өнөктөштүгүн далилдейт.

Кыргызстандын Россияга болгон колдоосу — биздин саясий туруктуулукка, тарыхый байланыштарга жана келечектеги өнүгүү векторуна дал келет. Бүгүнкү күндө Россиянын Мамлекеттик Думасында Кыргызстан менен түзүлгөн келишимдердин аткарылышы таасирдүү жана ачык колдоого алынууда.

Согуш бүтөт. Андан кийин эл аралык мейкиндикте тынчтыкты бекемдөө жана достук мамилелерди орнотуу биринчи орунга чыгат. Россия ошол учурда мурунку союздаш республикаларды — алгач Орто Азия өлкөлөрүн, кийинчерээк калган башка мамлекеттерди да биригүүгө чакырышы мүмкүн. Бирок бул процесс калктын пикири менен гана ишке ашат. Элдин саясий аң-сезими, эркин тандоосу негизги ролду ойнойт.

Жыйынтыктап айтканда, Россия — келечекте да дүйнөдөгү негизги геосаясий күч катары өз ордун сактап калары айкын. Бул шартта Кыргызстан өз багытын туура аныктап, реалдуу өнөктөштүк саясат жүргүзүп келет,  - дейт Какчекеев. 

 

 

Последние новости