www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев, анын кол алдындагылар жана подряддык уюмдун директору коррупцияга жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 25-июнда билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, Токмоктогу спорттук мектепти жана сейил бакты оңдоо боюнча тендердин жеңүүчүсү «Аль-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсы болгон. Мамлекеттик сатып алуунун жалпы суммасы 61 млн сомдон ашкан.
Курулуш жана оңдоо иштери 2024-жылдын башында башталып, азыркыга чейин бүтпөй турат.
УКМКнын маалыматы боюнча, спорттук мектептин имаратын капиталдык оңдоо боюнча тендердин суммасы 16 млн 400 миң сомду, ал эми сейил бакты көрктөндүрүүгө 44 млн 283 миң сомду түзгөн.
«Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жана дайындалган аудитордук текшерүүнүн алкагында, мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын одоно бузуулар, кемчиликтер, ошондой эле иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмүн жогорулатып көрсөтүү жана жасалма отчётторду берүү фактылары аныкталган. Көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар Токмоктун мэри Нусувалиевдин, подряддык компаниянын жетекчиси К.Т.Э., мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Т.у.А. жана техкөзөмөл боюнча адис А.А.Э. ортосундагы сүйлөшүү аркылуу ишке ашырылган»,- деп айтылат билдирүүдө.
24-июнда алар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө уланууда.
25-июнда президент Садыр Жапаров Максат Нусувалиевди Токмок шаарынын мэри кызматынан бошотту.