www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында  К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактар сакталган жай табылганын УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Токмок шаарында маркум криминалдык төбөл К.Көлбаевдин (К. Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерде колдонуу үчүн даярдалган деп болжолдонгон ок-дарылардын жашыруун сакталган жери табылды. 

Белгилей кетсек, курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жайдан: 2 кесилген мылтык, 2 мина, 1  өзүн-өзү  жардыруучу түзүлүш, 1 граната, тротил, 1 бет кап, 2 бычак, 3 жандыргыч   жана ар кандай калибрдеги патрондор табылып алынган.

Аталган курал-жарак өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн, анын ичинде республикадагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн арналгандыгын жокко чыгарууга болбойт, бул үчүн атайын "ийгиликтүү  мезгилдин" башталышы күтүлгөн.

Алынган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, алардын мурда жасалган кылмыштарда колдонулган-колдонулбагандыгын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Последние новости