www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Токмок шаарында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июнда Токмок ШИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган.
Анын айтымында, 12-июнда белгисиз адамдар анын 16 жаштагы сиңдисине телефон чалып, өздөрүн уюлдук байланыш операторунун кызматкери катары тааныштырып, кызмат мөөнөтү аяктаганын айтып, келишимди узартуу шылтоосу менен анын жеке идентификациялык номерин (ПИН) алышкан.
Андан көп өтпөй дагы бир белгисиз адам өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, жеке маалыматтар үчүнчү жактардын колуна түшкөнүн айтып коркуткан.
Ал үйдө сакталган акча каражаттары менен баалуу буюмдарды «текшерүү үчүн» декларациялоо керектигин билдирип, аларды атайын келе турган кызматкерге өткөрүп берүүнү талап кылган.
Кийинчерээк жабырлануучулардын үйүнө келген белгисиз жаран 500 миң сом акча каражатын жана алтын зер буюмдарын алып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2007-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну А.К. кармалды. Анын жанынан ар кайсы банктардын банктык карталары, уюлдук операторлордун SIM-карталары жана кылмыш жасоодо колдонулган атайын даярдалган кара түстөгү куту табылган.
Шектүү Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Токмок шаардык соту ага карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.
Учурда тергөө иштери уланып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.
Ошондой эле шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси текшерилип жатат.