www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровду жана боордош кыргыз элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Акордо билдирди.
"Бул маанилүү окуя, Кыргыз Республикасы үчүн да, бүткүл Борбордук Азия үчүн да тарыхый мааниге ээ.
Кыргызстандын жогорку эл аралык кадыр-баркын таануу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан конструктивдүү жана жаратман тышкы саясаттын натыйжасы болуп саналат. Казакстан Кыргызстандын талапкерлигин дайыма колдоп келет жана бул маанилүү миссияны аткарууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр. Кыргызстанга БУУнун Коопсуздук Кеңешинде ийгиликтүү жана жемиштүү иш алып баруусун каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. 3-июнда Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырды. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган жок. Төртүнчү айлампада гана Кыргызстан 142 добуш менен алдыга озду.