www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде бири-бирине эрегишип, той өткөзүп жаткандыктан тойго сарпталган чыгымдар карапайым калкты бүлүндүрө баштады. Тойго кетчү акча каражаттарына “чыйт” түкүрүп коюшуп, тойдун эсебинен  кошумча акча жыйып алышкан мамлекеттик атка минерлер, бай олигархтардан айырмаланып, той өткөзсөк уят болуп калбайлы дешип карапайым калк да чоң-чоң тойлорду өткөзүшүп, “Казды туурайм деп, карганын буту сыныптыр” болушуп, үй-бүлөлүк бюджетине материалдык чыгымдарды келтирип жатышат. Ушулардын арасында той өткөзүш үчүн ипотекалык жана коммерциялык банктардан насыя алышып, кийин тойго түшкөн кошумчалар банктан алган насыяларды жаппай калган учурлар да кездешип жатат. Албетте, той өткөзгөндө ким канча алып келсе, кайра ордуна бериш керек, айрыкча байлыктары ашып-ташыгандардын тууган-туушкандары үчүн бул чыгымдарды жабуу абдан оор болуп турат.

Мисал катары Атамбаевдин заманында Жыргалбек Саматов аттуу депутат 1 миллион 200 миң долларга той өткөзгөн, муну сомго которгондо 100 миллион сомго чамалап барат. Саматов бул тойго мактаныч катары ат чабышка гана 24 төө койгон, 100 миллион сомго той өткөзгөн Саматовдун элге деле кайрымдуулугу жок, бирок маалымат беттеринде чыгып алып, өзүн-өзү чамгарактап мактоо максатында бир топ видеолорду тарттырып чыгарган. Бул тойго чакырылган адамдардын саны Тажикстандын президентинин уулу баш болуп 50 миңден ашкан.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Рахмон Эмомали бул тойго келген келбегенин ким билет. Анткени, Тажикстанда тойлор 150 кишиден ашпайт, биздин Саматов өткөзгөн тойлордой жумалап да кетпейт. Тажикстанда тойлор 3 сааттан ашык болбойт экен. Аны Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Рахмон Эмомали көзөмөлдөмөк беле? Тойду көзөмөлдөөнүн өзгөчө ыкмалары түзүлгөн:

  1. Тойду той өткөзүп жаткан өзүлөрү көзөмөлдөйт. Себеби, тойдогулардын саны 150 дөн, той үч сааттан ашып кетсе анда мамлекет тойду өткөзгөн адамга жаза колдонот.
  2. Тойду экинчиден, той өткөзгөн ресторан да көзөмөлдүк кылат, тойдогулардын саны 150дөн, той үч сааттан ашып кетсе, анда мамлекет тарабынан тойду өткөзгөн ресторанга олчойгон айып пул салынат.
  3.  Эгер той өткөзгөн ресторан айып пулду төкпөсө: суусу кыркылат, электр жарыгы өчүрүлөт, кыскасы ресторан ошол күнү эле иштөө жөндөмүнөн айрылат.
  4. Ресторан ээлери тобокелге баргысы келишпейт, ошондуктан той үч сааттан ашып баратса, ресторан ээлери өздөрү эле электр жарыгын өчүрүп, тойду бүтүрүп коет экен.
  5. Тажик бийлиги ушул мыйзамга дагы катуу жазаларды кошкон, тойдогулардын саны 150дөн, той үч сааттан ашып кетсе, мыйзамды бузган мамлекеттик кызматкер ошол күнү эле жумушунан бошотулат.
  6. Тойлор ресторандарда тек гана келишимдин негизинде жана жергиликтүү комиссияга маалымдоонун гана негизинде өтөт экен.

Өзбекстанда тойлорго катуу тыюулар кире баштады. Президент Шавкат Мирзиёев тойдо мамлекеттик чоң атка минерлердин барганын көрсө, ошол замат кызматынан алам деп жарыя кылган, андан тышкары тойго кеткен чыгымдарды азайтуу үчүн тиешелүү мыйзамдарды кабыл алууда. Эми Кыргызстанда деле Көкөтөйдүн ашындай 50 миң, 100 миңдеп киши чакырып, той берген адамдарды мактантып видеодон улам-улам көрсөтпөй, той берүүгө кеткен чыгымдарды азайтууга убакыт жетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости