www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түнкү көпөлөктөрдүн

Бишкектеги саунада сойкукана уюштурган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө Жумабек көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеген, тергөө тарабынан белгисиз аял көп убакыттан бери сойкукана уюштуруп аны тейлеп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Анда акы төлөнүүчү интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга чалып, алардан кардарлардан алган төлөмүнүн 30% өлчөмүндө акча алып жүргөн.

Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, жарандын кылмыштуу иш-аракеттерин ачуу максатында комплекстүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, жыйынтыгында буга чейин шарттуу кардарга колдонууга берилген накталай акча менен 1982-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.

Азыркы учурда, кылмышка тиешеси бар адамдарды табуу боюнча тергөө иш-аракеттери уланып жатат. Ошондой эле, ал администратор болуп иштеген мекеменин ээсинин катышы бар жогун текшерилүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости