www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-июнда Бишкектеги «Ала-Тоо» кинотеатрында «Кыргызстан – Түрк кино күндөрү» эл аралык кино иш-чарасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Иш-чара кызыл килем аземи менен башталып, ага түрк кино индустриясынын өкүлдөрү, кыргызстандык кинематографисттер, маданият ишмерлери жана кино сүйүүчүлөр катышты.

Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүнүн маанисин белгиледи.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкармалыгынын башкы директору Бирол Гювен мындай маданий долбоорлор эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, «Кыргызстан – Түрк кино күндөрү» иш-чарасы 7-июнга чейин уланат. Анын алкагында көрүүчүлөргө түрк киносунун бир катар тасмалары сунушталат.

 

 

 

 

 

 

Последние новости