www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июлда саат 09:00дөр чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 239–243-чакырым аралыгында тоо боорунан таш кулады.

Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, окуядан кийин кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталган.

Аймакка №24 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, жолду таштардан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик учурда аталган тилкеде унаалардын кыймылы үзгүлтүксүз уланып жатканын, жол каттамы ачык экенин билдирди.

Ошол эле учурда айдоочуларга бул тилкеден өтүүдө өзгөчө этият болуп, жол белгилерин жана тиешелүү кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так сактоо сунушталды.

Последние новости