www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.
Жаңы тартипке ылайык, квалификациялык талаптарга жооп берген майыптыгы бар жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка сынаксыз негизде, жеке арызы аркылуу орношо алышат.
Ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштуруу боюнча белгиленген квоталарды сактоого милдеттүү болот.
Бош кызмат орундарын толтурууда кадрлар резервинде турган жана талаптарга жооп берген майыптыгы бар талапкерлерге артыкчылык берилет.
Талапкерлерди тандоо тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.