www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун Балыкчы – Жалал-Абад тилкесиндеги 361–367-чакырымдарда жүргөн селдин кесепети толугу менен жоюлуп, жол эки тараптуу кыймыл үчүн ачылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 14-июль күнү кечинде аталган тилкеде үч жерде сел жүрүп, анын кесепетинен жолдун бир тарабы убактылуу жабылган.
№31 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери атайын техникаларды тартып, тазалоо иштерин ыкчам жүргүзүштү. Таңкы саат 04:00гө чейин сел түшкөн тилкелер толугу менен тазаланып, жол коопсуз пайдаланууга даярдалган. Ал эми саат 06:00дөн тартып эки тараптуу каттам толук калыбына келтирилди.
Учурда жол жээгинде калган сел калдыктарын тазалоо жана жолдун туурасын кеңейтүү иштери уланууда. Кырдаал тиешелүү жол кызматтарынын көзөмөлүндө.