www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын четиндеги Түндүк айланма жол менен Манас айылына кеткен жолдун кесилишинде жаңы транспорттук түйүндүн (развязка) курулушу башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Учурда бул аймакта көпүрө тирөөчтөрү үчүн свай казуу жана бетон куюу иштери аткарылууда.

Ага кошумча, айланма жолдун 236-244-чакырымында жолду кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишиндеги көпүрөнүн кире бериш жерлеринде асфальт төшөө жумуштары жасалууда.

Курулуш объектисинде иштин ыргагын камсыз кылуу үчүн жалпы 250 бирдик атайын техника тартылып, 600гө жакын жумушчу эмгектенүүдө.

Белгилей кетсек, бул долбоор борбор калаанын айланасындагы унаа өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жол тыгындарын азайтууга багытталган.

 

Последние новости