www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна кошумча эки галерея жана үч эстакадалык көпүрө курулат. Мындан улам жол кийинки жылы ачыла турганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Чечим жолдун кооптуу тилкелерине жүргүзүлгөн илимий байкоолордун жыйынтыгы менен кабыл алынган.

"Кар көчкүдөн коргоочу эки галерея жолдун 331+924, 338+410-чакырымдарында, ал эми 332+656, 339+185, 339+907-чакырымдардагы сел өтүүчү сайлардын үстүнө үч эстакадалык көпүрө курулат. Мындан тышкары, аталган долбоордун алкагында Барпы айылынан тарта Сафаровка айылына чейин 25 чакырым айланма жол куруу пландалууда", — деп жазылган маалыматта.

Натыйжада ушул жылдын май айына пландалган Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун ачылышы 2026-жылга жылдырылганы кошумчаланды.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости