www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги эки кабаттуу имарат мамлекетке кайтарылды

Бишкектеги эки кабаттуу имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарынын борборундагы Раззаков көчөсүндө жайгашкан аянты 772,6 чарчы метр, 2900 чарчы метр жер тилкеси бар социалдык багыттагы эки кабаттуу имарат мурда мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган фактысы аныкталды.

Алсак, 1995-жылы ошол кездеги ченемдерди жана нормаларды бузуу менен Кыргыз Республикасынын тарых жана маданият эстелиги болуп саналган бул социалдык мүлктү юридикалык жак 10 миң 759 сомго мыйзамсыз менчиктештиргендиги аныкталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мүлктүн ээси бул мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, коммерциялык максатта пайдаланып жаткан эки кабаттуу имаратты мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү өз ыктыяры менен билдирген.

Последние новости