www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россияда согушка тартылган кыргызстандыктын иши көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Министрликке "Азаттык" үналгысынын чет мамлекеттин аймагында уулунун согуштук аракеттерге катышуусу боюнча кайрылган Н. аттуу жарандын абалы тууралуу видеоматериалына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
18-декабрда аталган жаран "Азаттык" үналгысынын журналистинин коштоосунда Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосуна мурда Россияда эркиндигинен ажыратууга соттолгон уулун согуштук аракеттердин аймагына жөнөтүлүшүнө жол бербөө өтүнүчү менен кайрылган. Арыз ээси министрликтин Консулдук департаментинин жетекчилиги тарабынан жеке кабыл алынды. Кабыл алуунун жыйынтыгында андан тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз кабыл алынып, белгиленген тартипте иштеп чыгууга алынды. Кыргызстандын Россиядагы элчилигине тиешелүү тапшырма берилди.