www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иран Ислам Республикасындагы кырдаалдын сакталып турушуна жана өлкөнүн аба мейкиндигинин жабык болушуна байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет:

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка ылайык, чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары Ирандан Түркиянын аймагына Иран-Түркия кургактык чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу чыга алышат.

Эгерде сиз Иранда болсоңуз жана Түркия аркылуу чыгууну пландаштырсаңыз, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине же Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигине алдын ала кайрылууңуз зарыл.

КРнын Түркиядагы Элчилиги (Анкара ш.)

 [email protected]

Ыкчам байланыш телефону: +90 545 689 6800

тел.+90 312 491 3506КР ТИМнин Консулдук департаменти

[email protected]

+996 999 312 002

Последние новости