www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы Эльбурс чокусун багындырууга барган туристтик топтун беш мүчөсү каза болду. "Интерфакс" агенттигинин маалыматына ылайык, топто жалпысынан 19 адам болгон. Алардын 14үн тиешелүү кызматттар куткарып калууга үлгүргөн.

Алдына ала маалыматтарга караганда, буга аба ырайынын кескин начарлап кетиши себеп болду. Туристтик топ бараткан аймакта, шамалдын ылдамдыгы секундасына 40 метрге жетип, бороон башталып, эч нерсе көрүнбөй калган.

Ошондой эле, туристтик топтогулардын бири да кесипкөй альпинист болбогону кабарланды. Куткаруучулар аларды 5400 метр бийиктикте табышкан.

Орусиянын Түндүк Кавказ аймагында жайгашкан бул чокунун бийиктиги 5642 метрди түзөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости