www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин карындашы Лаззат Нургожоеванын колун сураган Афтандил Сабырбеков Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл, 6 айга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Бирок тергөө маалында камактагы мөөнөтү эсепке алынып, жазасы толук өтөлдү деп таанылды.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) жана 284-беренеси (“Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо”) боюнча кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу акталды.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Афтандил Сабырбековдун агасы Тариэл Сабырбеков дагы 282- жана 284-беренеси боюнча акталып, 354-беренеси (“Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ишине тоскоолдук кылуу”) менен эки жылга эркинен ажыратылып, камактагы убактысы эсепке алынгандыктан жазасы өтөлдү деп эсептелди.

Эске салсак, 2024-жылы 9-июлда Афтандил Сабырбеков баңгизат ишине байланыштуу кармалган. Кийин анын агасы Тариэл Сабырбеков жана бир нече киши кармалганы кабарланган. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууну аракет кылган” деп билдирген.

Последние новости