www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, "Манас" аэропортундагы окуядан кийин Кыргызстандагы TezJet авиакомпаниясынын каттамдары тергөө аяктаганга чейин убактылуу токтотулду.
Маалыматка ылайык, Tez Jet авиакомпаниясынын учагы Бишкек — Ош багыты боюнча учууга даярдык көрүү учурунда кырсыкка кабылган.
Алдын ала маалымат боюнча, сол шассинин тирөөчү сынып кеткен.
Агенттик бортто 163 жүргүнчү болгонун кабарлады. Жабыркагандар жок. Окуя боюнча иликтөө жүргүзүлөт.