www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо 386 миллион доллардын 111 миллиондон ашууну «изин суутуп» кеткени тергөөдө аныкталган. Тактап айтсак, модернизациялоо ишинде жабдуулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 2-3 эселеп көбөйтүлүп көрсөтүлүп, эптеп эле 386 миллион доллар деген сумманы чыгаруу аракети жасалган экен. Ошентип бул коррупция ишине айыпталып бир нече экс-чиновниктер камакка алынып, алардын үстүнөн соттук териштирүүлөр жүрүп атканы белгилүү, деп жазат Беспредел KG-КР.

Мына ошол соттук териштирүүлөрдүн биринде Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев «Кылмыш ишинде бир катар документтер жок экен, ошолорду кылмыш ишине кошууну суранам» деп чыкты. Анан дагы ал кошумча күбөлөрдү тизмеге киргизүү жана ауди-видеотасмаларды тартууга уруксат берүүнү өтүндү. 

Албетте, бул анын укугу дейли, бирок ошол ТЭЦти модернизациялоодо неге анын техникалык-экономикалык негиздемеси жок эле ишти баштап, аягына чыгарып коюшканын сураган киши жок. Соттук териштирүү ТЭЦти модернизациялоодогу көбөйтүлүп көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр, кымбат баада сатылып алынган жабдуулар тууралуу болуп атса, Айбек Калиев кайдагы бир башка эле энергодолбоорлорду сурап отурат? Же бул дагы «кожоюну» АШАдан ойкутма-кайкытманы үйрөнүп алганбы?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости