www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча жогоруда аты аталган 7 адамды сот күнөөлүү деп тапты. “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев – 2,5 жыл жана 100 000 сом айыпка кесилди.

“Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын төрагасынын мурдагы орун басары Нурлан Садыков – 2,5 жыл жана 100 000 сом айыпка кесилди.

“Электр станциялар” компаниясынын мурдагы башчысы Узак Кадырбаев – 4 жылга кесилди 150 000 сом айыпка жыгылды. Ал сот залынан эле камакка алынды.

“Электр станциялар” компаниясынын башчысынын орун басары Бердибек Боркоев – 8 жылга кесилди жана 150 000 сом айыпка жыгылды.

ЖЭБди модернизация долборунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов – 2,5 жыл жана 100 000 сом айыпка кесилди.

ЖЭБдин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулу – 4 жылга кесилди жана 150 000 сом айыпка жыгылды. Ал сот залынан эле камакка алынды.

ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбеков  4 жылга кесилди жана 150 000 сом айыпка жыгылды. Ал сот залынан эле камакка алынды. Бул маалымат тууралуу Мелис Аспеков билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости