www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тергөө комитети "Крокустагы" теракт боюнча сегизинчи шектүүнү камоону Басман сотунан суранды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Касимов Алишер Хатамович боюнча материал келип түштү", — деп айтышкан соттон.

"Крокус сити холлдогу" теракт

Москва облусуна караган Красногорск шаарындагы Муслим Магомаев атындагы "Крокус сити холл" концерттик залына кол салуу 2024-жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген куралчан төрт адам ошол жердеги элди ата баштаган. Андан сырткары, бир нече жерге от коюшкан.

Россиянын Тергөө комитетинин соңку маалыматтарына таянсак, 137 адам көз жумган, анын ичинен үчөө — балдар. Бул карагашалуу окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Теракт жасагандарды 23-мартта эртең менен автоунаа менен Украинанын чек арасына бара жатканда Брянск облусунан кармашкан. Алар Тажикстандын Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов аттуу жарандары экени айтылган. Дүйшөмбү, 25-мартта, ишке катышы бар деген шек менен дагы үч киши: Исроил Исломов, анын уулдары Аминчон жана Диловар кармалган.

Теракт жасалган күндүн эртеси Россия президенти Владимир Путинге 11 адамдын кармалганы боюнча маалымдашкан. Россия лидери терактыга катышы болгондордун бардыгы жазасын аларына убада берген.

Путин "Крокус сити холлго" радикалдашкан исламчылар кол салганын, анткен менен Москвага буюртманы ким бергени кызык экенин айткан. Россия лидери муну менен алардын коомчулукту дүрбөлөңгө салуу максаты коюлганын айтып, Россиянын алдында эми көп нерселерди аныктоо иштери турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости