www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын түндүгүндөгү Согд облусуна караштуу Шахристан районунда 100гө жакын тургун ажылыкка баруу үчүн топтогон каражаттарын айылдарын көрктөндүрүүгө жана өнүктүрүүгө кайрымдуулук катары беришти. Жалпы чогулган каражаттын көлөмү үч миллион сомониден ашты. Бул 320 миң доллардан көбүрөөк. Бул тууралуу район башчысы Рабим Гафурзода маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна карагандай, бул демилге имамдар менен биргеликте жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында ишке ашкан.
- Бул эч кандай мажбурлоо эмес. Биз эч кимден умрадан баш тартып, 15 миң сомонини (1600 доллар) бизге бергиле деп талап кылган жокпуз. Тургундар өзүлөрү ушундай сунуш менен айыл-кыштактардын жетекчилерине кайрылышкан. Мен айыл башчылары менен жолугуп, эл айылдын өнүгүшү үчүн каражат бөлсө, сөзсүз эсеп-кысап жүргүзүлүп, отчет берилиши керектигин айттым, — деди ал.
Район башчысынын маалыматына ылайык, чогулган каражат негизинен жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоого, электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртууга, ошондой эле бала бакчалардын жана башка социалдык мекемелердин шарттарын оңдоого жумшалган.
Тажикстанда мындай демилгелер президент Эмомали Рахмон жарандардын Мекке жана Мединага бир эмес, бир нече жолу баруусун ачык сынга алгандан кийин көбөйө баштаган.
Булак: NazarNews