www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европада жашап жаткан тажик журналисттери Тажикстандын улуттук банкы аларды терроризмге байланыштуу адамдардын тизмесине киргизгенине түшүнбөй жатышат.

Алардын ызылдаганына Тажикстандын бийлиги азырынча жооп бере элек.

Тажикстандын улуттук банкы октябрь айынын ортосунда өзүнүн сайтына терроризмге байланышкан адамдардын кеңейтилген жаңы тизмесин жарыялаган. Ага жалпысынан бийлик террорчулукка катыштыгы бар жана аны каржылаган деп эсептеген 2400 адам кирген. Алардын арасында чет өлкөлөрдө жашап жаткан бир катар журналисттердин аты-жөндөрү да бар.

5-6 журналист биргеликте бул боюнча 29-октябрда билдирүү таратышты, анда алар соттун чечими жок өздөрүнүн аты-жөнүн терроризмге байланыштуулардын тизмесине киргизилиши адилетсиздик экендигин айтышкан. Ошондой эле, алар өздөрүнүн аты-жөндөрүн бул тизмеден чыгарылуусун жана улуттук банк расмий түрдө кечирим суроосун талап кылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости