www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тазабек Икрамович менен иш бөлмөсүндө жолугуп, баарлаштык. Адатта башка саясатчыларга барганда ар дайым үн алгыдан Жогорку Кеңеште өтүп жаткан жыйындын жүрүшү угулуп турчу. Ал эми Тазабек Икрамовичтин бөлмөсүнөн кулакка жагымдуу Куран уктум. Бул мен үчүн жагымдуу көрүнүш болду.

– Тазабек Икрамович, ызы-чуусу көп саясатка аралашкандан бери балалык күндөрүңүздү эстеп, сагынган учурларыңыз болсо керек?

– Бала кезде мен өтө тентек, шок бала болчумун. Жаш кезимде атам сатып берген тайларды кыштын күнүндө, карда талаага алып чыгып алып өзүм жалгыз үйрөтүп, таптачу элем. Кой кайтарып, тоо жаңыртып, кыйкырып ырдап, эшек минип, тай минип жалынынан кармап алып улак чапчу элек. Жаш кезимден баштап эле спортко кызыгуум күч болчу. Эч качан колумдан топ түшчү эмес. Бир айылдан бир айылга барып футбол, волейбол же кандайдыр бир конкурстар болобу ошолорду уюштурчумун. Мындай иш-чараларга жигердүү катышаар элем. Өзүм менен кошо башка балдарды да сүрөп турчумун. Балалык кезде ошондой жагымдуу, жакшы күндөр өткөн. Азыркыдай интернет, телефон жок. Андыктан жаштыкты эстеп, сагынып ошол убактагы апам жапкан нандын даамы азыркыга чейин таңдайга келип, башкача сезимдер менен кээде ошол көз ирмемдерди издеп калган учурлар болбой койбойт.

– Чоңойгондо кайсы кесиптин ээси болом деп кыялданчу элеңиз? Кыялыңыз орундалдыбы?

– Атам раматылык кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болчу да. Жалал-Абад облусунун бардык жерлеринде үзүрлүү эмгектенген. Сузак районунун өтө барктуу кишилеринен болгон. Андыктан атама таасирленип чоңойдум. Мени кичинекей кезимде чоңойгондо ким болосуң,-деп сурагандарга космонавт болом, учкуч болом дечүмүн. Ал эми атам, “жок балам сен генерал, маршал болосуң”- дечү. А бирок, кийинчерээк кыялдарым бир аз өзгөрүүгө дуушар болгон. Өтө берилип кыялданганда чеги жок берилип кетет эмеспизби. Ошол учурда сонун кино тасмалар чыккан. Талгат Нигматулинди көрүп, мен атактуу кино актер болом деген кыял менен жашап калган учурлар болгон. Бирок, кийинчерээк жашоо-шартка байланыштуу көп нерсе өзгөрүп кетет экен да. Албетте Жаратканга чексиз шүгүр келтирем. Мен абдан бактылуумун, буга чейинки жана азыркы жашоом үчүн, насип кылып берген үй-бүлө, бала-чакам үчүн, туугандарым үчүн, кыргыз болуп жаралып, Кыргызстанда жашап жана элиме кызмат кылууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн Аллага чексиз ыраазымын. Бардык нерсе өз жолу, өз нугу менен келе жатат.

– Социалдык тармактардан сизди он тил билет деген мааниде жазылган бир маалыматты окуп калдым. Чын эле ушунча көп тил билесизби?

– Жок, ал жакта он тил билет деп айткан жок. Мааниси бир аз башкача болчу. Он тилди билип, кооз сүйлөп, иш жүзүндө эч нерсени кыйратпаган адамдар бар деген мааниде айтылган болчу. Тилекке каршы кээ бир адамдар сөздүн маанисине көп маани бербей айтылышына көбүрөек кулак төшөп калышкан.

– Сөз демекчи, сиз экөөбүздүн бир окшоштугубуз бар экен. Мен да көп учурда татаалыраак сөздердү так айта албайм, мисалы оңой эле көрүнгөнү менен Азербайжанды так айта албайм, тилим бурулуп кетет. Сизде да кээде ушундай учурлар болуп калат…

– (күлүп) Албетте, идеалдуу адам жок. Идеалдуулук бир гана Жаратканга тиешелүү эмеспи, бирок айрымдар пендечилик кылып түшүнгүлөрү келбей терс пикир айта беришет. Кезинде, Алланын жиберилген элчиси пайгамбарыбыз Мухаммеддин (сав) айтканын жалганга чыгарып, жамандап, өзүнүн туулуп-өскөн Меккесинен кууп чыккандар болгон. Ага салыштырмалуу биз эң карапайым, жөнөкөй пендебиз да. Андыктан, тилдеп, ашата сөгүп, оттон алып сууга, суудан алып чокко салып, каалагандай калчай беришет экен да. Мисалы, мен Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыздын эң бир көйгөйлүү маселесин көтөрүп жатып, ага күйүп-бышып, ортодо жаралган талаш-тартыш учурунда эмоцияга алдырып, толкунданып катуу сүйлөп жаткан учурда кээ бир сөздөр так айтылбай калат.

Аны кээ бирлери кайра-кайра кайталатып, монтаждап, бул сакоо экен деп элге терс пикир жаратууга аракет жасап жатышпайбы. Азыр акылдуулар көбөйгөн. Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөндөр толтура. Аларга мен ыйман-ынсап берсин деп эле тилек кылам. Саясатчы болуп, эл алдында жүргөндөрдү ушинтип сындай беришет экен да. Кыргызда жакшы бир макал бар го, катуу бассаң таскак дейт, акырын бассаң аксак дейт деген, бул деле ушул сыяктуу эле бир көрүнүш. Андыктан мен бул үчүн уялбаймын, кадыресе көрүнүш катары эле кабыл алам. Бирок туугандарым тынчсызданып тиги минтип жазыптыр, бул мындай жазыптыр, жаман болуп жатабыз деп айтып калышат. А мен аларга бекерчи, тагдырына таарынган байкуштардын жазгандарын окубай эле койгула деп айтам. Силер, гомосексуалисттерди колдоп чыккан болсом, Кудай өзү сактасын кандайдыр бир коррупциялык иштер менен кармалсам, Кыргызстандын жерин сатып же дагы башка зыян тийгизгенимди уксаңар ошондо жаман болгула деп айттым.

Менмин деген кыйындар, менмин деген дикторлор адашат. Эл башкарган Ленинден баштап Сталинге чейин адашкан. Өткөндө Малик Осмонов жакшы бир пикирин жазыптыр. “Р” тамгасына тили келбеген инсандар эл башкарып жүргөн. Учурунда Байдылда Сарногоев айткандай, ит келди, итсиң деди макул дедим, эмне кылам талашып, өзүнүн ит экенин билип туруп, эшек келип айкырды сен эшексиң деп, макул дедим дейт, эмне кылам талашып анын эшек экенин билип туруп дегендей эле кеп да. Булар эми алты миллиондон ашкан калкыбыздын арасынан өзү жасай албаган, жасаганды көрө албаган өз жүзүн жашырып, социалдык тармактарда итче үргөн эки жүздөй эле киши да. Айрым өтө катуу кеткендерди сөзгө тартып, баарлашып көрдүм. Чындыгын айтканда алар жашоодон жолу болбогон, үй-бүлөсү менен ажырашкан, психологиялык жактан оорулуу, же болбосо жумушу жок бекерпоз, тагдырына таарынгандар экен. Демек, бул бекерчилердин “жумушу” экен деп түшүндүм. Мындан сырткары, кээ бирлеринин артында өздөрү коррупциялык иштерге аралашкан, Кыргызстанга зыянын тийгизген айрым саясатчылар турат экен.

Мен алардын баарын билем. Алар мындай кадамдары менен мени эч качан элге жаман көрсөтө албайт. Себеби мен бардык нерсени ачык-айкын айтам, элдин көйгөйүн көтөрөм жана элдин таламын талашам. Коркконум бир Кудай. Башка нерсе мени коркута албайт. Булар эми көпчүлүктүн арзыбаган пайызын түзөт. А мен убакытты өтө барктайм, телефонду алып, көрүнгөнгө жооп жазууга убактым жок. Баарына тегиз жага албайбыз. Бардыгына бирдей жагам деген бул өзү келесоолук түшүнүк. Кудайга шүгүр, бактыга жараша жакшы инсандар көпчүлүктү түзөт, мен ушуга кубанам. Ою, ниети, көңүлү таза инсандар мени ар дайым алдыга сүрөп, кеп-кеңешин берип колдоп турушат. Себеби, ою таза адам сөздүн айтылышына эмес маанисине, төркүнүнө көңүл буруп, бул жигит эмне маселе көтөрүп жатат, кыргыздын кадыр-баркы, каада-салтына доо кетире турган нерселердин алдын алып орчундуу маселе көтөрүп жатат деп, ошону угат, кыргыздын наркына доо кетирип жаткан гомосексуалист деген сөздү кантип айтканым эмес, ошолор жаратып жаткан көйгөйдүн төркүнүн угат.

– Кичүү уулуңуздун ысымы да көп талкууланды…

– Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган жылы уулдуу болуп, ысымын анын урматына Сооронбай деп койгом. Сооронбай Шариповичти намаз окуган, ыймандуу жана таза инсан катары абдан сыйлайм. Өткөндө ошол уулума той берип, тойго Жогорку Кеңеште иштеген кесиптештерим, экс-төрага Асылбек Жээнбековдор келишти. Асылбек Шарипович өтө такыба инсан, ал уулума бата берди. Кудай буюрса ушундай жакшы инсандардын батасы тийип, уулум дагы кыргыздын керегине жараган, бычакка сап мыкты мырзаларынан болуп чоңоёт деп ишенем.

– Уулуңуздун өмүрү берекелүү болсун! Убактыңызды бөлүп кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем.

Булак: «Жаңы Ордо»

Последние новости