www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Кара-Суу районунда Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чарага анын уулу, биздин коллегабыз Искендер Матраимовдун чакыруусу менен катыштык. Өзүңөр билгендей, Кара-Суу району республикада эң чоң райондун бири. Иш-чарага райондогу болгон айыл өкмөттүн спортко ышкыбоздору, кошуна Өзбекстандын Анжиян чөлкөмүнөн да топ чапкычтар келип, жандуу катышып аткандарын өз көзүбүз менен көрдүк. Өтө жогорку деңгээлде өтүп атат десек жаңылбайбыз. Үч миңден ашуун, анын ичинде согуштун ардагерлерине, тылда калып иштегендерге, райондун жалпы аксакалдарын сыйлап, даам сыздырып, алардын батасын алуу ар кимдин колунан келе бербейт. Президентибиздин региондорду өнүктүрүү демилгесин ушундай форматта өткөрүү да чоң иш экенин баамдадым. Исмаил атабыздын уулдары тикелеринен тик туруп, спорттун футбол, волейбол, күрөш, шахмат ж.б. оюндарынан турнир өткөрүп атканы элдин духун көтөрүп койду. Мен бул жерден башка эч бир саясатты көргөнүм жок. Мындай адамдарга алкыш гана айтуубуз абзел. Акыркы учурда өздөрү кылбайт, кылган адамды көралбаган заманга баратабыз. Кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеп, сынап, “дагы эмнени кылып ийет болду экен?” дегенсип, аңдып карап тургандарды түшүнбөй кетем. Биз ушундайды токтотсок. Райым Матраимовду жаманатты кылгандан алыс болсок. 20-30 адамдын жаман пикири “погода” кылбайт. Алар иш-чара өтүп аткан жерге келип, элдин маанайын көргөндө таптакыр башкача ойдо калышмак.   

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ, “Азия Ньюс” гезити

Последние новости