www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Ош облусунун өзү туулуп өскөн Кара-Суу районунда атасы Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чараны жогорку деңгээлде өткөздү. Биздин билишибизге караганда, жыл сайын Улуу Жеңиш күнүнө карата 9-майда өткөзүлчү. 9 жылдан бери бул саамалык уланып келатат. Быйыл орозонун башталышы 6-майга туш келип, бул спорттук мелдеш 1-май күнүнө жылдырылган. Акыркы үч жарым жылдан бери Искендер Матраимов өзүнүн Жогорку Кеңештеги кесиптештерин иш-чарага чакырып келет. Бул жаңылык эмес. Быйыл да эскерүү турнирге Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, фракция лидерлери Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Батырбеков, депутаттар Жанар Акаев, Руслан Казакбаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев жана башкалар келишти. Мындан сырткары, иш-чарага келген элдин саны болжол менен 20 миңден ашты. Тиги жагы Өзбекстан, бу жагы Бишкектен барышты. Кылкылдап келген эл Матраимовдорго жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан жылуу сөздөрүн арнап, алкыш-баталарын арнады.
Жылдызкан ЖОЛДОШОВА, экс-депутат:
-- Депутаттар – эл өкүлдөрү. Аларга ар кимден, ар кайсы жактардан чакыруулар келет. Кагаз жүзүндөгү чакыруубу, оозеки чакыруубу, алышса бара беришет. Ал депутат эле эмес, ким болбосун, өздөрүнүн каалоосу да. Экинчиден, коллегалар жамандык-жакшылыктарда катышат го... Көп депутаттар өз ата-энелеринин жаркын элесине арнап иш-чараларды өткөрүп жатышат. Кечээ жакында бир депутат атасына арнап ат оюндарын өткөрүптүр. Атасы каза болуп калган экен. Ага да бир тобу барышты. Мындан жамандык издебеш керек. Бул деле куран окутуунун бир түрү. Эгер Искендер, Райым Матраимовдор курман болгон атасына арнап спорттук иш-чара уюштурса, ошого барышкан болсо, анда депутаттарды барганы үчүн сындай албайм. Мен деле депутат болсом, чакырса бармакмын. Баса, убагында Матраимовдун апасы мени чакырды эле, мен ал кишиге жолуга албай калганыма өкүнөм. Ушунча көп баланы төрөп, өстүрүп, татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирүүдө эненин ролу чоң. Андыктан, ата-энени урматтаган эскерүүлөргө тескери сөз айтууга каршымын.
Булак: АЗИЯnews