www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептер арасында өткөрүлгөн «Таза шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышты.
Сынактын жыйынтыгында №117 мектеп 8 тоннадан ашык пластик калдыктарын чогултуп, биринчи орунга ээ болду.
Жеңүүчү мектепке Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коому тарабынан футбол аянтчасын куруу үчүн сертификат тапшырылды.
Экинчи орунду 7 тонна 700 килограмм пластик чогулткан №68 мектеп ээлеп, ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев воркаут аянтчасын курууга сертификат берди. Ал эми №49 мектепке Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан эки теннис столу тапшырылды.
Мындан тышкары, Марлен Маматалиевдин, Төраганын орун басары Болот Ибрагимов жана депутаттар Токтобүбү Ашымбаева, Улан Сариев, Эльвира Сурабалдиева, Умбеталы Кыдыралиев жана Жумабек Салымбеков көрсөткөн демөөрчүлүк колдоонун негизинде дагы алты мектепке кызыктыруучу сыйлык катары бирден теннис столу берилди. Ошондой эле Төрага сынакка катышкан бардык 125 мектепке спорттук инвентарлар тапшырыларын билдирди.
Сыйлоо аземинде сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев аталган сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлүп, окуучулардын экологиялык маданиятын, жарандык жоопкерчилигин жана мекенчилдик сезимин калыптандырууга чоң салым кошконун белгиледи.
Анын айтымында, окуучулар айлана-чөйрөнү тазалоо менен катар экологиялык акцияларды уюштуруп, жашылдандыруу демилгелерин көтөрүп, лидерлик сапаттарын да көрсөтө алышты.
Белгилей кетсек, «Таза шаар» сынагы Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясы, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Тазалык муниципалдык ишканасы жана Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коомунун демилгеси менен Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин катышуусунда уюштурулду.