www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 9–15-апрель күндөрү Франциянын Бордо шаарында 15-Европалык кыздар арасындагы математика олимпиадасы (EGMO) өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн 260 окуучу кыз катышты.
Жыйынтыгында Кыргызстан үчүн коло медалды «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу Камила Алиярова жеңип алды. Ал тапшырмаларды ишенимдүү аткарып, эл аралык аренада өлкөнү татыктуу деңгээлде көрсөттү.
Кыргызстандын курама командасы бир нече тандоо этаптарынын жыйынтыгында түзүлгөн. Акыркы тандоо үч күнгө созулуп, жогорку татаалдыктагы 14 тапшырманы камтыган. Чечүүчү этапка өлкөдөн 49 окуучу катышкан.
Улуттук курама командасына ошондой эле төмөнкү окуучулар кирген:
– Диана Ким, 11-класс, «Маариф» билим берүү комплекси;
– Рамиля Бозова, 11-класс, «Маариф» билим берүү комплекси;
– Ангелина Ким, 9-класс, А. Токомбаев атындагы №24 орто мектеп.
Команданын жетекчиси - Мамат Ишматов.
Белгилей кетсек, Камила Алиярова жеңип алган коло медаль Кыргызстан курама командасы үчүн маанилүү жетишкендик болуп, EGMO олимпиадасында өлкөнүн тарыхындагы экинчи коло медаль болуп саналат. Биринчи коло медалды 2021-жылы Эльнура Анарбай кызы алган.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги кыргызстандык окуучу кыздарды эл аралык олимпиададагы жеңиши менен куттуктап, аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайт.