www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Нурбек Сыдыгалиев Камчыбек Ташиев жетектеп турган учурдагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишмердигин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү сунуштады.
Мындай демилгени Жогорку Кеңеште 18-июнда айтып чыкты. Ал депутаттык комиссия УКМКнын ишмердигин карап, саясий баа бериши керектигин белгиледи:
- Көп иштер бар. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы жыйынга курал-жарак алып келген окуя болгон. Аны ким алып келген. Ушул сыяктуу көп иш бар. Ошол нерселерди карап, саясий баа берилиши керек, - деди өз сөзүндө.
Бул демилгени депутат Дастан Бекешов да колдорун билдирип, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында УКМКнын ишкерлерден алган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун да карап чыгуу керектигин айтты. Ал бул жаатта абдан көп арызданган адамдар, УКМК аркылуу өткөн мүлктөрдүн кимдердин колуна өткөнүн карап чыгуу зарыл экенин кошумчалды.