www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун курамына кирген Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси жана бир катар кызматкер камакка алынды.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-июлда аталган аймактагы сейил бактын курулуш иштери менен таанышты. Көчмө жыйын учурунда ал курулуш иштеринин сапатсыз жасалышына себепкер болгон жактарга тергөө жүргүзүп, аларды жоопко тартууну тапшырды.
«Айыл өкмөтүнүн башчысы катары президенттин кайрылуусун жакшылап караган эмессиң. Президентибиз айтып жатат: "Эгерде мамлекеттин акчаларын туура эмес пайдалансаңар, элдин пайдасына жумшабай турган болсоңор биз ошону таап чыгабыз, 10 эселеп төлөп, абакта отурасыңар" деген. Уктуңар беле ошону?»,- деди Ташиев.
Ал айыл өкмөт башчысы, аткаруучу жана техникалык көзөмөл бөлүмүнүн адисин камакка алууну тапшырды.