www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германияда дарыланып жүргөнү айтылган Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келди. Аны Бишкектеги «Манас» аэропортунан тарапташтары тосуп алышты. Бул окуя коомчулукта буга чейин жүрүп келген божомолдорго чекит койгонсуду.
Эске салсак, Ташиев дарыланууга кеткен мезгилде кызматтан алынган. Ал бул чечим күтүүсүз болгонун белгилеп, президенттин чечимин сыйлай турганын билдирген. Бирок анын кызматтан кетиши өлкөдөгү саясий процесстерге таасир эткени талашсыз.
Ташиевдин кайтып келиши ар кандай кабыл алынды. Айрымдар анын мекенге келиши күмөн экенин айтышса, башкалары бул кадамды саясий туруктуулук үчүн маанилүү деп баалашты. Мындай полярдуу пикирлер өлкөдө саясий атмосферанын чыңалганын көрсөтүп турат.
Бул аралыкта анын командасында кадрдык өзгөрүүлөр орун алып, айрым жакын кызматташтары кызматтан четтетилди. Бул фактор Ташиевдин мындан аркы саясий позициясына жана таасирине түздөн-түз байланыштуу болушу мүмкүн.
Коомчулукта Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун саясий тандеминде жарака кеткендиги тууралуу сөздөр күчөдү. Эгерде мындай ажырым чындап бар болсо, анда бул өлкөдөгү бийлик конфигурациясына олуттуу таасир этери анык.
Айрым талдоочулар бул кырдаалды үчүнчү саясий күчтөр пайдаланып кетиши ыктымалдыгын да четке кагышпайт. Ошондой эле коомчулукта мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун аты да кайрадан атала баштаганы саясий талаада жаңы сценарийлер каралышы мүмкүн экенин айгинелейт. Анткени Исаков чын эле келечекте президент болуп калышы мүмкүн, деген кептер ачык тарай баштаганы талашсыз.
Учурда негизги суроо — Ташиев менен президенттин ортосунда расмий жолугушуу же саясий макулдашуу болобу? Бул жагдай өлкөдөгү туруктуулук үчүн маанилүү фактор болуп саналат.
Эгер саясий тиреш күчөсө, анын кесепети албетте өздөрүнө жалпы коомго тийиши ыктымал. Экономикалык кыйынчылыктар, кымбатчылык жана социалдык чыңалуу шартында саясий туруксуздук коомдук нааразычылыкты күчөтүшү мүмкүн.
Ошондуктан азыркы кырдаалда негизги маселе — мамлекеттик институттардын туруктуулугун сактоо жана ички саясий атаандаштыкты мыйзамдуу, цивилизациялуу нукта алып баруу.
Ташиевдин Кыргызстанга кайтып келиши жаңы этаптын башталышы болушу мүмкүн. Бирок бул этап тиреш менен коштолобу же макулдашуу жолу менен жөнгө салынабы — аны убакыт көрсөтөт.
Эми эмне болот?
«Атаңдын башы болот» дегендей, эки достун ортосунда кааласак да, каалабасак да ишеним кетти. Эгер алардын тиреши күчөй берсе, экөө тең кызматтарынан айрылышы мүмкүн. Ал эми кымбатчылыктан кыйналып турган калк жогорку көрүнүштү кабыл албайт.
Анткени бүгүн Кыргызстанды сырттан да кунт коюп карап турушат. Ташиев менен Жапаров эки тизгин, бир чылбырды бекем кармап, калктын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылбаса, абал чатак — өтө чатак.
Балким, бул маалыматтар бийликтегилерге толук жетпей жаткандыр. Акыркы айларда бийликке болгон элдин нааразычылыгы кыйла күчөгөнүн жашырууга болбойт. Кыргыз элине байлык же бийлик эмес, адилеттүүлүк керек экени жалпыга маалым.
Жыйынтыктап айта турган болсок, Ташиев менен Жапаров билгенге сиам эгиздериндей — бири кызматтан кетсе, экинчиси бийликте узак кала албайт. Андыктан бийликтин айланасындагылар, кошоматчылар же терең акыл калчабагандар «Ташиев кетсе, мамлекеттин чылбыры бизде калат» деп ойлобой ынтымакты сактап, элди эркиндикке коюп, адыраңдабай эл аралык мамилелерге так болуп, терең акыл калчап иш кылса деген үмүт.
Болбосо азыркы бийлик “балашка” Сапар Исаковго Кайрылуу жазып, ырайым күтүп олтуруп калышыңар толугу менен мүмкүн. Чындыкты чычалабай кабыл алып, тике карасаңар өзүңөргө гана жакшы, кара күч жакшылыкка алып барбайт. Бийлик, "Сиз кыйынсыз, мыктысыз" дегендерден алыс болбосо, мурдагы президенттердей болуп калышы толук ыктымал. Андыктан акыл-эс керек, акыл-эс...!!!
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews маалымат агенттигинин редактору