www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу комитет кабарлады.

Ага ылайык, тартип сакчыларына 2025-жылы чыгарылган Chevrolet Cobalt, Sunray ESC жана JAC 4WD үлгүсүндөгү 20 кызматтык автоунаа берилген.

Иш-чарага УКМКнын төрагасынан тышкары Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Марлис Асанов, ОИИБинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ИИМдин жергиликтүү жетекчилери, өздүк курамы катышкан.

"Ташиев милиция кызматкерлерин өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун камсыз кылууга ак ниет менен кызмат өтөөгө чакырып, мыйзамдуулукту сактоого жана калктын милицияга болгон ишенимин бекемдөөгө тынымысыз аракет кылуу керектигин эскертти", — деп жазылат маалыматта.

Ал Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде мындан ары да укук коргоо жана коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу аракеттери уланарын белгилеген.

Последние новости