www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын аталышы Манас шаары болуп өзгөртүлгөнүнө байланыштуу комментарий берди.
Ал мындай өзгөрүүнү анын идеясы жана элдин өтүнүчү деп эсептөөгө боло турганын айтты.
Манас ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө, ал эми Жалал-Абад андай эмес. Азыр көнүү кыйын болушу мүмкүн, бирок келечекте бул Манас шаары болот, балдар чоңоёт жана баары көнүмүш болуп калат. Мен шаардын Манас болуп өзгөртүлгөнүнө сыймыктанам жана биз тез эле көнүп кетебиз»,- деди ал.
Ташиев ошондой эле Манас деген атты Талас шаарына ыйгаруу керек болчу деген пикирге комментарий берди.
«Манас Таласка эмес, бүткүл кыргыз элине таандык. Манас бул кыргыз элинин руху жана күчү. Бул биздин тарыхыбыз жана келечегибиз»,- деп белгиледи ал.
Ташиевдин айтымында, Жалал-Абад шаары башка өлкөлөрдө дагы бар, ал эми Манас Кыргызстанда гана бар. Ал президент туура чечим кабыл алды деп эсептейт.