www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Region телеканалына жемкорлукка каршы күрөш боюнча маек курган. Ал өз сөзүндө 1000ден ашык завод-фабрика жана ар кандай мекемелер, ошондой эле 30 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынганын айтты.

Маек учурунда Ташиев коррупцияга каршы мыйзамдарды күчөтүү боюнча иштер жасалып жатканын айтты. Ал белгилегендей коомчулукта жемкорлукка айыпталып кармалгандар ээн-эркин эле жүргөнү тууралуу кептер айтылган.

УКМК төрагасы мурдагы премьер-министр коррупцияга шектелип кармалып, мүлкү конфискациялангандан кийин ал менен бирге куран окутууда чоогу олтуруп калганын, ыңгайсыз абал жаралганын айтып берген.

«Биз мурда премьер-министр болуп иштеген адамды камаганбыз. Андан кийин бир иш-чарада, куран окутуу болуш керек эле, ал киши менин жанымда отуруп калды. Мен өзүмдү ушунчалык ыңгайсыз сездим, ал кишинин завод-фабрикаларын, мал-мүлкүн алып, мамлекетке өткөргөнбүз, бирок ал киши жанымда отуруп калганда, жеген тамагым кекиртегиме тыгылып калды. Жаман жерде отургандай болдум, өзүмдү жаман сездим. Себеби аны камаганбыз, ал айып пул төлөп чыгып кеткен. Кечээки коррупционер деген адам менин жанымда отуруп калды.

Коррупция менен байланышкан адамдар, айрыкча мамлекеттик кызматкерлер, айып пул төлөгөндөн кийин чыгып, соттуулугун жоюп, кайра мамлекеттик кызматка келип жатышты. Анан кайрадан кылмышка барып жатышты. Ошондуктан орчундуу чара көрүшүбүз керек. Антпесе натыйжа бербей жаткан», - деди Ташиев.

 

Последние новости